КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК АЙМАГЫНЫН КУУГАНДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кууганды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2023-жылдын 10-июлундагы №37
“Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл-2023” теле фестивалына катышуучу аймактын ак элечек апаларын колдоо жѳнүндѳ
Аймактын Үч-Эмчек айылынын аялдар кеңешинин 2023-жылдын 6-июлундагы кайрылуусун карап, Кууганды айылдык кеңеши
токтом кылат:
1. Ысык-Кѳл облусунун Чолпон-Ата шаарында “Кѳгүлтүр Ысык-Кѳл-2023” теле феставалына катышуучу аймактын ак элечек апаларын колдоо максатында айыл ѳкмѳтүнүн бюджетинен 25 000 (жыйырма беш) сом акча каражаты бѳлүнсүн.
2. Аймактын ак элечек апаларын Ысык-Кѳл облусунун Чолпон-Ата шаарына жетектеп алып барып келүү жагы айыл ѳкмѳтүнүн социалдык маселелер боюнча жетектѳѳчү адиси Л.А.Тайжановага, китепканачы Г.Жылдызбековага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыздоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Б.С.Молдокуловго милдеттендирилсин.
Тѳрага: |
| Ф.К.Токушев |