ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №21
“Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу үлүш жерлерге, короо-жайларга түшкөн мал-жандыктарга айып пул салуу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кызыл-Токой, Сумсар, Мончок-Дөбө, Шекафтар, Биримдик айылдарында үлүш жерлер бар болгондуктан, жаз, күз айларында мал-жандыктар айыл тургундарынын үлүш жерлерине түшүп, короо–жайларына кирип кетип, тоскоолдук жараткандыктан, Бузуулар Кодексине ылайык айып пул салуу жөнүндөгү Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Н.Исабековдун кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн тургундарына караштуу үлүш жерлерге, короо-жайларга мал-жандыктар кирип кетип, тоскоолдук жараткан мезгилде тиешелүү иш-аракеттерди көрүү менен Бузуулар Кодексинин талаптарына ылайык айып пул салуу жагы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө сунушталсын.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, архитектура, экология, өнөр жай, муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |