ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек- Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз III сессиясынын
2024-жыл 22-апрели №22
“Терек-Сай айылына караштуу Школьная-1 көчөсүнүн тепкичтерин оңдоп-түзөө жумуштарын аткаруу жөнүндө”
Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Школьная-1 көчөсүнүн тургундарынын көчөдөгү тепкичтердин эскилиги жетип, кыш мезгилдеринде түшүп, чыкканга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, оңдоп берүү зарылдыгы боюнча жазган кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап, Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү Школьная-1 көчөсүндөгү тепкичтердин эскилиги жетип, кыш мезгилдеринде түшүп, чыкканга ыңгайсыздык жаратып жаткандыктан, оңдоп-түзөө жумуштарын аткаруу үчүн 542 820 (беш жүз кырк эки миң сегиз жүз жыйырма) сом акча каржаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Терек-Сай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Т.Сувановага милдеттендирилсин..
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, каржы, инвестиция, ишкердик жана коомдук иштери боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Терек-Сай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Эргешов К.М. |