БАКЫЯН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШ
ТОКТОМ
Бакыян айылдык Кеңешинин VI- чакырылыштын V-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 25-сентябрындагы № 1
Айтматов районунда административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшүн өркүндөтүү жана региондорду өнүктүрүү боюнча андан аркы чаралар жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу максатында Талас облусунун Айтматов районунун Бакыян айылдык кеңеши ТОКТОМ кылат:
1. Айтматов районундагы административдик-аймактык реформаны ишке ашыруу боюнча жумушчу тобун 2023-жылдын 22-августундагы №3 чечими колдоого алынсын.
2. Кара-Буура айыл аймагына Бакыян жана Бейшеке айыл аймагын бириктирүү менен Кара-Буура айыл аймагы болуп аталсын.
3. Бириккен Кара-Буура айыл аймагынын борбору Кызыл-Адыр айылында жайгашсын.
4. Бириктирилип жаткан айыл аймактын картасын,чек араларын,жайыт жер аянттарын,калкынын санын тактоо иштери райондук мамлекеттик администрациясында түзүлгөн жумушчу тобу менен иш алып баруу жагы Бакыян айыл өкмөтүнүн башчысы Сулайманов Б.Д жүктөлсүн.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмолдөө жагы Бакыян айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Суйоркуловага жүктөлсүн.
6. Токтом Бакыян айылдык аймактык кеңешинин Bakian.org.kg веб сайтына жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.
Бакыян айылдык кеңешинин Төрагасы |
| Аймамбетов К.Ы. |