Редакцияот 06.08.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Сузак айыл аймагынын айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы

 

2021-жылдын 6-августу № 2

 

“А.Юнусов” үрөөнчүлүк чарбасынын  жана “Абдыкадыров” участкасынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери жөнүндө

 

Сузак айыл өкмөтүнө караштуу “А.Юнусов” үрөөнчүлүк чарбасынын кайра бөлүштүрүү фондунун 36,0 га жеринин узак мөөнөткө берилген жерин жана “Абдыкадыров” участкасынын кайра бөлүштүрүү фондунун кайрадан аукцион аркылуу берүү максатында,жокко чыгаруу үчүн депутаттар ЖӨБ КРнын мыйзамындагы 4-гл. Жергиликтүү Кенештердин ишин уюштуруу-укуктук негиздерин 21,28,31,36,37-беренелери боюнча,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу “А.Юнусов” үрөөнчүлүк чарбасынын кайра бөлүштүрүү фондунун 36,0 га жери “Абдыкадыров” участкасынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерине узак мөөнөткө берилген ижара келишимдери жокко чыгарылсын.

2. Сузак айыл өкмөтүнө караштуу “А.Юнусов” үрөөнчүлүк чарбасынын 36,0 га жери жана “Абдыкадыров” участкасынын кайра бөлүштүрүү фондунун жерлери 2021-жылдын 1-ноябранан аукцион аркылуу берилсин.

3. Токтомду аткаруу Сузак айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.

 

  

Сузак айыл аймагынын айылдык кеңешинин

төрагасы

 

Абдукадиров К.