Редакцияот 30.10.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын

 

2023-жылдын 30-октябрындагы № 144

 

Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө

Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.

 

2. Бекмолдо айыл аймагындагы Кара-Ой жана Сасык-Булак айылдарынын ортосундагы трасса жээгине ошондой эле Кеңеш жана Чоң-Токой айылдарынын ортосуна жалпы 4 050 метр аларыкка электр жарыктандыруу чырактарын орнотуу үчүн түзүлгөн сметанын негизинде 1 572 323(бир млн. беш жүз жетимиш эки миң үч жүз жыйырма үч) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүп берилсин.

 

3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

С.Осмонов