БЕКМОЛДО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын Бекмолдо айылдык Кенешинин VIII-чакырылышынын кезексиз сессиясынын
2023-жылдын 30-октябрындагы № 145
Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы
Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу жөнүндө
Күн тартибине коюлган маселени карап жана талкуулап чыгып, айылдык Кенештин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевдин жазган кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Талас РИИБ нүн 2023-жылдын 17-октябрындагы кириш № 01-6/931 сандуу катынын негизинде, Талас районуна ротация жолу менен келген жетекчилери үчүн салынган тамдарды тегерегин курчоо, ички аянтчасын цементөө иштерине демөөрчүлүк жардам берүү үчүн 200 000(эки жүз миң) сом акча каражаты Бекмолдо айыл аймагынын 2023-жылдын 1-январына карата калган эркин каражаттын эсебинен бөлүп берилсин.
3. Токтомдун аткаруу жагы Бекмолдо айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Кыдыралиевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| С.Осмонов |