Редакцияот 19.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХXVII сессиясы

2021-жылдын 19-февралы № 27/2

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 19.12.2014-жыл №715 токтомуна ылайык Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишимдерди бекитип берүү жөнүндө

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн экономист, статистикалык жетектөөчү адиси А.Сакабаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын 27-сессиясы токтом кылат:

1.              Аксы райондук мамлекеттик статистика бөлүмү менен Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ортосундагы келишим тиркемеге ылайык  бекитилсин.(Тиркеме 13 баракта).

2.              Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн статистикалык жетектөөчү адиси А.Сакабаевге  милдеттендирилсин.

3.              Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы М.Атакуловага жүктөлсүн.

4.              Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

5.              Токтом расмий сайтка жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

 

Төрага

Ш.Мазакеев