КЫШТУТ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
Кыштут айылдык кенешинин VII – чакырылышынын кезексиз XXV сессиясынын
2023-жылдын 13-ноябрындагы № 117
Кыштут айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
Кыштут айылдык кеңешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ж.Мидиновдун билдирүүсүн угуп жана кеңири талкуулап Кыштут айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
токтом кылат:
1. Кыштут айыл өкмөтүнүн өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетинин IV кварталынын чыгаша бөлүгүнө каралган
Аппараттык башкаруу бөлүмүнүн «2215-дагы башка кызмат көрсөтүүнү алуу» статьясынан-200,0 миң сом, «2221-мүлктү учурдагы оңдоого кеткен чыгымдар» статьясынан-45,1 миң сом, «2222-учурдагы чарбалык максаттар буюмдарды жана материалдарды алуу» статьясынан-250,0 миң сом, «3112-машиналар жана жабдуулар» беренесине 393,6 миң сом ,
Айылдык кеңештин аппараттык башкаруу бөлүмүнүн «2211-кызматтык кыдыруулар» статьясынан-30,0 миң сом акча каражаты кыскартылып, жалпысы 918,7 миң сом акча каражаты кошулуп жылдырылып берилсин.
Аппараттык башкаруу бөлүмүнүн «2231-коммуналдык кызматтар» статьясына-60,0 мин сом, «3111-имараттар жана курулуштар» статьясына-658,7 миң сом, «3314-ички насыялар» статьясына-200,0 миң сом жалпысы 918,7 миң сом акча каражаты кошулуп жылдырылып берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кыштут айыл аймагынын айылдык кеңешинин экономика, финансы бюджеттик маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| С. Суйунов |