Редакцияот 02.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ЖЫГАЧ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Жыгач айылдык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги ХXVIII сессиясы

2021-жылдын 2-марты № 28/6

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2021-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгаша булактарынын жана 2022-2023-жылдарга киреше булактарынын болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө

 

Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Ш.Кайыповдун 2021-жылга карата жергиликтүү бюджеттин киреше, чыгаша булактарынын долбоору боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Жыгач айылдык кеңешинин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусунун негизинде Кара-Жыгач айылдык кеңешинин Х чакырылышынын кезексиз  28- сессиясы токтом кылат:

 

1.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2021-жылга бюджетинин киреше бөлүгү

 №1 тиркемеге,(№1 тиркеме 1 баракта) чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин

 (№2 тиркеме 1 баракта).

2.Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдарга болжолдуу долбоору №3 тиркемеге ылайык бекитилсин. (№3 тиркеме 1 баракта).

3.Республикалык бюджеттен берилүүчү теңдөөчү трансферт биринчи кезекте эмгек акы, социалдык  фонд жана коргоого алынган статьяларга каралып, калган акча каражаты башка түрдүү статьяларга жумшалсын.

4. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн белгиленген пландардын ар бир түрү боюнча ай сайын аткаруу айыл өкмөтүнүн салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.

5. Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө мыйзамдык 21-статьясына ылайык  жалпы жылдык бюджеттин  чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга  чейинки өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фонду бекитилсин.

6. Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен накталай жүгүртүлүүчү акча каражатына 150000-00(бир жүз элүү миң) сом бөлүнүп берилсин.

7. Функционалдык классификациялык бөлүмдөрдө беренелерден беренелерге жылдыруулар айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругунун негизинде жүргүзүлсүн.

8. Жергиликтүү бюджеттеги өзгөртүүлөрү тууралуу айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жылына эки жолу билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ш.Кайыповго милдеттендирилсин.

9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, экономика жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

11. Токтомдун аткарылышы айылдык кеңештин сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирсин.

Төрага

Ш.Мазакеев