КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25 февралы № 1
2023-жылга Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин бюджети, 2024-2025-жылдаргы болжолу жана 2022-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө
Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери Н.К.Сманованын докладын угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2023-жылга Көк-Мойнок айылдык Кеңешинин бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 33198,1 миң сом өлчөмүндө №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. 2024-2025-жылдарга айылдык кеңешинин бюджетинин болжолу 2024-жылга 34973,1 миң сом, 2025-жылга 35605,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл округунун бюджетинде турган мекемелердин 2023-жылга жалпы чыгымы 33198,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. 2023-жыл 1-январына карата кассалык жүгүртүүнүн суммасы 30,0 миң сом өлчөмүндө каралсын.
5. 2022-жылдагы Көк-Мойнок айылдык кеңешинин жергиликтүү бюджетинин аткарылышы 10797,2 миң сом калдыгы менен кирешелер боюнча 15040,1 миң сом өлчөмүндө, чыгашалар бөлүмү 19843,3 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.
6. Бюджеттин так аткарылышын, бюджеттик каражаттарды мыйзамдуу пайдаланылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн башчысына жана Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына милдеттендирилсин.
7. Бул чечимдин аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| К. А. Мамытбаев |
| Тиркеме №1 |
№ | Киреше бөлүгү | 2023-жыл | 2024-жыл | 2025-жыл |
(миң сом) | (миң сом) | (миң сом) | ||
1 | Салык кармоочу агент тарабынан төлөнүүчү киреше салыгы (подоход. Налог) | 5071,0 | 6846,0 | 7168,0 |
2 | Патенттин негизинде алынуучу салык | 163,0 | 163,0 | 163,0 |
3 | Жеке адамдардын транспорт каражаттарына салык | 263,0 | 263,0 | 263,0 |
4 | Жеке жана бакча участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 126,4 | 126,4 | 126,4 |
5 | Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы |
|
| 310,2 |
6 | Айыл чарба багытындагы эмес жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы | 2620,0 | 2620,0 | 2620,0 |
7 | Кыймылсыз мүлк салыгы | 113,0 | 113,0 | 113,0 |
8 | Рояльти | 76,1 | 76,1 | 76,1 |
9 | Калктуу конуштарда жерди ижарага алуу үчүн төлөм | 22661,9 | 22661,9 | 22661,9 |
10 | Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин пайдалангандыгы үчүн аренда | 120,5 | 120,5 | 120,5 |
11 | Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны сактоо үчүн алым | 1390,6 | 1390,6 | 1390,6 |
12 | Турак–жай таштандыларын чогултуу үчүн төлөм | 11,4 | 11,4 | 11,4 |
13 | Жайыт жерлерин пайдалангандыгы үчүн төлөм | 561,2 | 561,2 | 561,2 |
14 | Жергиликтүү инфраструктураны өнүктүрүү жана тейлөө үчүн чегерүү | 20,0 | 20,0 | 20,0 |
| Теңдөөчү грант |
|
|
|
| Бардыгы | 33198,1 | 34973,1 | 35605,3 |
№ | Чыгымдар бөлүгү | 2023-жыл |
1 | Башкаруу органы | 9276,0 |
2 | Билим берүү | 5447,5 |
3 | Маданият | 5248,6 |
4 | ЖКХ | 12665,0 |
5 | Жайыт комитети | 561,2 |
| Бардыгы | 33198,1 |
Төрага |
| К. А. Мамытбаев |