Редакцияот 12.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

2020-жылдын 12-декабры №131

«CASA- 1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун

          « Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорт- 

        тун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка

       багыттагы жерлер” категориясына которуу (трасформациялоо) жөнүндө

 

 

       “CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысын орнотуу жөнүндө айылдык кенештин VI чакырылыш  ХХХ  кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

1. Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 12  даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 1030, 1035, 1016 контурларында жайгашкан , жалпы 1734 ч.м мамлекеттик менчикте турган сугат айдоо жер участокторун “ Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга жакындан  көмөк көрсөтүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Осмоновко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

  4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Төрага:

  К. Мусаев