Редакцияот 12.12.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXX сессиясы

2020-жылдын 12-декабры №132

«CASA- 1000» долбоорун ишке ашыруу үчүн жер участокторун « Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которуу (трасформациялоо) жөнүндө

 

“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 20.02.2020-жылдагы № 105 токтомунун негизинде, Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү 500 кВ электр чубалгысын орнотуу жөнүндө айылдык кенештин VI чакырылыш  ХХХ  кезектеги сессиясы

 

ТОКТОМ   кылат :

 

1.            Кызыл – Октябрь айыл аймагынан өтүүчү“CASA-1000” долбоорун ишке ашыруу боюнча 12  даана электр аба чубалгыларынын тирөөчтөрүн орнотуу үчүн № 872,860,861,854,711,1043 контурларында жайгашкан , жалпы 4198 ч.м мамлекеттик менчикте турган  жайыт жер участокторун “ Айыл чарба жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоо) макулдук берилсин.

2. “CASA-1000” долбоорун ишке ашырууга жакындан  көмөк көрсөтүү максатында айыл ичиндеги калкка түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.

3. Кызыл – Октябрь айыл өкмөтүнүн жер адиси З.Осмоновко долбоордун алкагында мыйзамдуу иштерди алып баруу жагы милдеттендирилсин.

    4. Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин

Төрага:

  К. Мусаев