СУЗАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Сузак айылдык кенешинин кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 10-июну № 1
Сузак айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү Өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 49-беренесине ылайык Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоону өткөрүү жөнүндө 2021-жылдын 10-июнундагы Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын жыйынтык протоколун карап чыгып, Сузак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна шайлоо боюнча жашырын добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгаруу жөнүндө, Сузак аймактык шайлоо комиссиясынын № 2-протоколун бекитилсин.
2. Сузак айыл өкмөтүнүн башчысынын кызмат ордуна жалпы депутаттардын көпчүлүк добушун алган Абдурашидов Бекзад Абдурашидович шайланды деп эсептелсин.
3. Бул токтом Сузак айыл өкмөтүнүн www.suzakao.com расмый сайтына жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага: | К.Абдикадиров |