Редакцияот 25.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КӨК-МОЙНОК АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ

ТОКТОМ

Көк-Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊешинин депутаттарынын VII чакырылышы

 

2023-жылдын 25-февралы № 2

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын 1 январына калган калдыкты бөлүштүрүү жөнүндө

 

Көк-Мойнок айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы бухгалтери Н.К.Сманованын докладын угуп жана талкуулап, Көк- Мойнок айыл аймагынын айылдык Кеӊеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көк-Мойнок: айылдык Кеңешинин 2023-жылдын 1-январына калган 10797100 сом калдык акча каражаты төмөнкүчө бөлүштүрүлсүн:

1. Ак-Өлөң айылынын резервуарына-3 300 000 сом

2. Көк-Мойнок-1 айылынын ФАПынын тегерегин курчоого жана брусчаткалоого-1 050 700 сом

3. Мектептердин 1-4 класска чейинки окуучулардын ысык тамагына-300 000 сом

4. Көк-Мойнок-2 айылынын ДЭУ участкасынын трансформаторуна-150 000 сом

5. Көк-Мойнок-2 айылынын мектебинин алдын курчоого-198 000 сом

6. Көк-Мойнок-1 айылынын клубунун ремонтуна-189 900 сом

7. Көк-Мойнок-1 айылынын стелласын курууга-27 900 сом

8. Ак-Өлөң айылына арка курууга- 2 500 000 сом

9. Көк-Мойнок-2 айылынын клубунун ремонтуна-1 300 000 сом

10. Ак-Өлөң айылынын паркын курууга-270 778сом

11. Көк-Мойнок-1 айылына көчө жарыктарын орнотууга-550 000 сом

12. Айыл өкмөткө стеллаж жасатууга-63800 сом

13. Спорт инвентарларды алууга-67000 сом

14. Көк-Мойнок-1 айылындагы мектебинин №208,209 кабинетинин ремонту 29022сом

15. Ар кандай чыгымдарга (АПУ, ИТУ, ПСДга, сметчик, технадзор жана башка чыгымдарга)-800 000 сом

 

2. Бул токтомду Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Көк-Мойнок айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына тапшырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы М.Р.Койгелдиевге милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

К. А. Мамытбаев