Редакцияот 13.11.2020
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXIX сессиясы

2020-жылдын 13-ноябры №125

    Куршаб (лесхоз) айылынын  Генпланына өзгөртүү киргизүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ  

 

            1. Айыл аймактын Куршаб (лесхоз) айылынын элинин  суроо –талабын аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренесине таянып , айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп жана талкуулап чыгып айылдык кенештин VI чакырылыш  ХХIХ кезектеги  сессиясы тѳмѳндѳгүдѳй

 

                                                  т о к т о м     к ы л а т :

    1.Куршаб (лесхоз) айылындагы К.Темирбаев атындагы көчөсү, айылдын Генпланына кирбей келгендиктен , Ген планга киргизүүгө макулдук берилсин.

 

    2.Тиешелүү иш кагаздарын Мыйзам талаптарына ылайык даярдоо айыл өкмѳт   башчысы    Э.Пасаңовго тапшырылсын.    

                                                          

         3.Токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ айыл чарба жана турак жай боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.   

Төрага:

  К. Мусаев