Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨЗГӨН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отурумунун

 

ТОКТОМУ

2024-жылдын 1–февралы № 28/6

Өзгөн шаарында калктуу конуштардын таштандыларын ташып чыгаруу үчүн жыйымды киргизүү жөнүндө

 

Өзгөн шаардык кеңешинин (VII чакырылышынын) кезектеги XXVIII сессиясынын отуруму Кыргыз Республикасынын “Салыктык эмес кирешелер жөнүндө” Кодексине ылайык жана “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1 протоколунун негизинде,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Өзгөн шаарында таштанды чыгаруу үчүн жыйым ставкасы бюджеттик, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын (билим берүү тармагындагы кызматкерлерден сырткары) ар бир кызматкерине жылына 50 сом, бюджеттик эмес жана коммерциялык мекеме-уюмдардын (банк, ААК, ЖЧК, коомдук тамактануучу жайлар жана башкалар) ар бир кызматкерине жылына 100 сом өлчөмүндө белгиленсин. Бул жыйымды төлөө мөөнөтү 2024-жылдын 1-июлуна чейин деп белгиленсин.

2. Бул жыйым боюнча салык төлөөчүлөргө толук маалымат жеткирүү жана бюджетке толук түшүүсүн көзөмөлдөө Өзгөн шаардык экономика жана финансы бөлүмүнүн башчысы Н.Жолдошевге милдеттендирилсин, аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаарынын мэри З.Каримовго тапшырылсын.

          3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Өзгөн шаардык кеңешинин “Бюджет, салык жана финансы боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Хасанов