КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясынын
2024– жылдын 30-январы № 22/6
“Кара-Суу тазалык” муниципалдык ишканасынын Кара-Суу шаарында акыр-чикирлерди ташуу үчүн кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтерин бекитүү жөнүндө
“Кара-Суу тазалык” муниципалдык ишканасынын 2024-жылдын 29-январындагы чыгыш №13 сандуу катын угуп жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарында калкка коммуналдык кызмат көрсөтүүнүн тарифи:
- жеке турак жер үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын чыгаруу - бир адамга 40 сом;
- көп кабаттуу үйлөрдө туруктуу же убактылуу жашаган калктын катуу тиричилик калдыктарын жана суюк калдыктарын чыгаруу - бир адамга 50 сомдон бекитилсин.
2. Токтом 2024-жылдын 1-февралынан баштап колдонууга киргизилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы шаар мэриясына, көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |