КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу шаардык кеңешинин (сегизинчи чакырылышынын) кезектеги XXII сессиясы
2024– жылдын 30-январы № 22/8
“Кара-Суу шаарынын Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө”
Кара-Суу шаарынын төрагасы З.Эшмаматовдун сунушунун негизинде Кара-Суу шаарынын тургуну Жаанбаев Акылбек Апсатаровичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу маселесин карап жана талкуулап шаардык кеңеш
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу шаарынын тургуну, 2013-жылдан бери Кара-Суу шаардык кеңешинин депутаты, бюджет комиссиясынын төрагасы Жаанбаев Акылбек Апсатаровичке “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. “Кара-Суу шаарынын Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу боюнча күбөлүк жана төш белгисин даярдап тапшыруу шаар мэриясына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Кара-Суу шаар мэриясына, көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин тийиштүү туруктуу комиссияларына милдеттендирилсин.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
| З.К.Эшмаматов |