АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 8 отуруму
2022-жылдын 26-январы № 26
Ала-Арча айыл өкмөтүндө муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө
Ала - Арча айыл аймагынын башчысы Г.Ниязованын маалымдамасын угуп жана талкуулап, Ала - Арча айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ала-Арча айыл аймагында Ала-Арча айыл өкмөтүнө караштуу муниципалдык ишкана ачылсын.
2. Муниципалдык ишкананын аталышы “Тазалык-Мраморное” деп бекитилсин.
3. Муниципалдык ишкана ачуу боюнча ишкагаздары дайындалып жана мыйзамдаштырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү бюджет жана каржы боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Ала-Арча айылдык кеңешинин төрагасы |
Н.Мажитов |