Редакцияот 08.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму

2022-жылдын 8-апрели № 30

Типтүү почта курууга жер бөлүп берүү жөнүндө

Ала - Арча айыл аймагынын башчысы Г.Ниязованын маалымдамасын угуп жана талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү Министрлигинин алдындагы “КЫРГЫЗ ПОЧТАСЫ” мамлекеттик ишканасынын Аламүдүн райондук филиалынын 2021-жылынын 26-ноябрындагы № 275 катын эске алуу менен, Ала - Арча айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Ала-Арча айыл аймагынын Мрамор айылынан 0,04 га жер бөлүнүп берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов