Загрузка документа…
КАРА-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2013-жылдын 18-ноябры № 5/9
Кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы протоколун кароо жѳнγндѳ”
Кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы протоколунун негизинде Кара-Суу шаардык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу шаар мэриясына: Кара-Суу шаарынын тургундарынын 2013-жылдын 12-октябрындагы арызынын жана кыймылсыз мγлккѳ укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча комиссиясынын 2013-жылдын 16-ноябрындагы протоколунун негизинде Кара-Суу шаардык мэриясы мγрзѳгѳ ылайык жерди тактап сунуш туруктуу комиссияга берсин.
2. Маселе (булганч сууларды тазалоочу жай) чечилгенге чейин Бѳкѳнбаев кѳчѳсγндѳ жайгашкан булганч сууларды тазалоочу (очистное сооружение) жайдын айланасындагы жердин аянтарына мароторий жарыялансын.
3. Кара-Суу шаардык кеңешинде Ленин кѳчѳсγнγн базардын жанындагы шаарга тийиштγγ жагындагы элдер жγрγγчγ жолдун ортосундагы аралыктардагы, унаа токтотуучу жайга убактылуу комиссия тγзγлγп, ал жерге хронометраж жγргγзγлγп, мыйзам чегинде мэрия тарабынан убактылуу пайдаланууга кыска мѳѳнѳткѳ ижарага берилсин.
4. Кара-Суу шаарындагы “Бѳкѳнбаев” атындагы эс алуу багынын аймагындагы жер тилкелери кѳрктѳндγрγγ максатында мыйзам чегинде конкурс аркылуу ижарага берилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ шаардык кеңештин туруктуу комиссияларына жγктѳлсγн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин тѳрагасы: | Р.Х. Хатамов |