Редакцияот 08.04.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 9 отуруму

2022-жылдын 8-апрели № 33

Жайыт акы боюнча төлөм ченемдерди бекитүү

Ала-Арча айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы К.С.Осмоналиевдин жайыт акы боюнча төлөм ченемдерди бекитүү жана айып акы салуу жөнүндө карап чыгып, Ала – Арча айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1. 2022-жылга жайыт акынын төлөм ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин:

1.Бодо мал-100сом (1баш)

2.Кой,эчки-20сом (1баш)

3.Жылкы-100сом(1баш)

5.Бодо малга өз убагында төлөбөгөнү үчүн айып пул-200сом (1баш)

6.Кой,эчкиге өз убагында төлөбөгөнү үчүн айып пул-100сом (1баш)

2.  Элдердин менчик жерлерине зыян келтирүүдө, мал ээсине төмөндөгүдөй айып акы салуу бекитилсин:

1. Жылкы-5000 сом(1баш)

2. Бодо мал-3000 сом (1баш)

3. Кой,эчки-1000 сом (1баш)

3.  Жайыт жерлерин колдонуунун төлөм ченемдери төмөндөгүдөй бекитилсин:

1.Сугат жайыттарын өстүрүү- 1жыл (1га) -4000 сом

2.Кайрак жер- 1жыл (1га)-500 сом

3.Башка максаттар үчүн-1жыл (0,1 га) - 1000сом

4.Туризм,эс алуу максатында-1жыл (1га) - 5000сом

4.  Ала-Арча айыл аймагынын жайыт жерлерине башка айыл өкмөттөрдүн малдарынын кирүүсү жана зыян келтирүүдө, мал ээсине Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык 5500 сомдон – 7500 сомго чейин айып пул бекитилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ала-Арча айыл аймагынын “Бузуулар” боюнча туруктуу комиссиясына жана Жайыт комитетине жүктѳлсүн.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов