Редакцияот 10.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезексиз отуруму

2022-жылдын 10 - августу № 43

Жардам көрсөтүү жөнүндө

2022-жылдын 8-августунда болуп өткөн жаан – чачын жана катуу шамаалдын кесепетинен Ала-Арча айыл аймагына караштуу Мраморное айылында жайгашкан турак жайларды жана кошулма курлуштардын ар-кандай деңгээлде жабыркагандыгына байланыштуу Ала-Арча айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1.  2022-жылдын 8-августунда болуп өткөн жаан–чачын жана катуу шамаалдын кесепетинен жабыркаган, Мраморное айылында жайгашкан туракжайларды жана кошулма курулуштардын чатырларын жапканга, үй ээлерине шифер менен жардам көрсөтүлсүн;

2.  Ала-Арча айыл өкмөтүнүн башчысына (Г.Э.Ниязова) жабыркагандардын тизмесине ылайык шифер сатып алынып, таратылып берилсин.

3.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү социалдык суроолор, билим берүү, саламаттык сактоо, дене-тарбия жана экология боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов