Редакцияот 14.09.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын кезексиз отуруму

2022-жылдын 14 - сентябры № 46

Жергиликтүү жааматтын курултайын өткөрүү, жумушчу комиссиясын түзүү жана бекитүү жөнүндө

“Элдик Курултайдын” делегаттарын шайлоо боюнча жергиликтүү жааматтын курултайын өткөрүү жана жумушчу комиссиясын түзүү, бекитүү жөнүндө, Ала - Арча айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ :

 

 

1. “Жергиликтүү курултай” 2022-жылдын 05-ноябрында саат 10-00дө Мраморное айылынын клубунда өткөрүлсүн;

2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча тургундардын чогулушу 19-октябрь күнү саат 15:00 дө Мрамоное айылынын клубунда өткөрүлсүн;

3. Жергиликтүү курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун төмөнкү курамы бекитилсин:

·         Мажитов Н.Б. - айылдык кеңештин төрагасы, жумушчу комиссиясынын төрагасы;

·         Осмонова Ч.А. - айылдык кеңештин жооптуу катчысы, жумушчу комиссиясынын катчысы;

Жумушчу комиссиясынын мүчөлөрү:

·         Сулейманова З. – айылдык кеңештин депутаты;

·         Жумакадыров А. - айылдык кеңештин депутаты;

·         Чечейбаева Б.А. - айылдык кеңештин депутаты, Мраморное айылынын клубунун жетекчиси;

·         Исабекова С.И. – Мраморное ФАПнын жетекчиси;

·         Кожобергенов Н.- жаштар комитетинин мүчөсү;

 

4.  Бул токтомдун аткарылышы өз көзөмөлүмдө болот.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов