Редакцияот 16.12.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-АРЧА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Ала-Арча айылдык кеңешинин 28 чакырылышынын 13 отуруму

2022-жылдын 16 - декабры № 52/1

Таштанды таштоочу жайга жер бекитип берүү боюнча

Ала-Арча айыл аймагынын Мраморное айылынан таштанды таштоочу жайга жер бекитип берүү боюнча маселени карап, Ала-Арча айылдык кеңеши

 

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.  Ала-Арча айыл аймагынын Мраморное айылынын №47 контурунан 10 га жер аянты Ала-Арча айыл аймагында таштанды таштоочу жай катары бекитилсин;

2.  Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү жер, агрардык суроолор, архитектура жана укуктук тартип боюнча айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

Ала-Арча айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Мажитов