БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын
2024-жылы 19-апрели №7
“Ак-Бата – Маданият унаа жолунун жээгиндеги мектепке өтүүчү кесилиштерге унаалардын ылдамдыгын азайтуучу жол белгилерин толук орнотуу жана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө белгилерди коюуу жөнүндө”
Айыл өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусун угуп жана талкуулап, мектеп окуучуларынын коопсуздугун кароо максатында, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн Чарбак айылынын тургундарынын кайрылуусу эске алынсын.
2.Ак-Бата – Маданият унаа жолунун жээгиндеги мектепке өтүүчү кесилиштерге унаалардын ылдамдыгын азайтуучу жол белгилерин толук орнотуу жана жөө жүргүнчүлөр өтүүгө белгилерди коюуу боюнча жумуштар аткарууга алынсын.
3. Жогорудагы жумуштардын аткарылышы боюнча тез арада мыйзамдуу аракеттерди көрүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровго жүктөлсүн.
4.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы: | Б.Кубатов. |