КАРА-КӨЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2021-жылдын 13-октябры №29/5-8
"Электр станциялар” ААКнун балансында турган Кара-Көл шаарынын коммуналдык чарбасы жөнүндө
Кара-Көл шаарынын 1-вице-мэринин м.а. М.С.Курамаевдин “Электр станциялар” ААКнун балансында турган Кара-Көл шаарынын коммуналдык чарбасын өз алдынча башкаруу органына өткөрүп алууга тиешелүү чечим чыгарып берүү жөнүндө кайрылуусун угуп жана талкуулап чыгып, Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы төмөндөгүлөрдү белгилейт.
Кара-Көл шаарынын калкын таза суу менен камсыз кылуучу тармактар убактылуу схема менен ишке киргизилип, 60 жылга жакын кызмат кылып жатат. Таза суу менен камсыз кылуучу темир түтүктөрдүн дээрлик көп бөлүгү алмаштырылган эмес, алар жалпы кырсыкка учуроо абалында турат.
Саркынды сууларды алып кетүүчү түтүкчөлөрдүн да эскилиги жеткен.
Коммуналдык чарба объекттерин тейлөөгө 2019-жылы 152 млн сом, 2020-жылы 150,68 млн сом сарпталса, 2021-жылга 164,02 млн сомду сарптоо пландалган.
Кара-Көл шаарынын жалпы бюджети 2021-жылга 118 532,6 миң сомду түзгөн болсо, анын ичинен корголгон беренелерди алып салганда 28 504,4 миң сом калат. Мына ушул суммага шаарды өнүктүрүү, инфраструктураны жакшыртуу иштери жүрүүдө. Шаар ушундай аз бюджети менен киреше алып келбеген коммуналдык чарбаны кармап тура албайт.
Жогорудагылардын негизинде Кара-Көл шаардык кеңешинин кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Электр станциялар” ААКнун балансында турган Кара-Көл шаарынын коммуналдык чарбасын өз алдынча башкаруу органына өткөрүп алууга макулдук берилбесин.
2. ара-Көл шаарынын мэриясы, шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине шаардын жалпы абалы жана коммуналдык чарбасы жөнүндө кат жолдосун.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу шаардык мэрияга (А.Ш.Балташов), ал эми көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин өндүрүш, курулуш, архитектура, турак жай, коммуналдык чарба, муниципалдык менчик жана жер маселелери, инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына (А.К.Турдуматов) жүктөлсүн.
Төрага
| Э. Р. Ашыралиев |