Редакцияот 19.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясынын

2024-жылы 19-апрели №4

 

“Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча

комиссия курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө”

         

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген, Жеке менчик турак үй куруу үчүн, жер участокторун берүү боюнча комиссия курамын түзүү жана бекитүү жөнүндө, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин XХVIII чакырылышынын кезексиз IV сессиясы күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссия курамын түзүү жана бекитип берүү жөнүндөгү сунушу эске алынсын.

 

2.Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссия курамына төмөндөгү курамда комиссия тиркемеге ылайык түзүлсүн.

 

3.Мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн областтык Юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

 

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин

XХVIII чакырылышынын кезексиз

IV сессиясынын № 4

токтомунун тиркемеси

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 6-майындагы №177 токтому менен бекитилген Жеке менчик турак үй куруу үчүн жер участокторун берүү боюнча комиссия курамы:

 

-Абдышов Нурбек-Социалдык экономикалык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы;

- Ноокен райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын өкүлү;

- Жер ресурстары кызматынын Ноокен филиалынын өкүлү;

-Иманалиев Азимжан-айыл башчы;

-Абдуразак уулу Белек-айыл башчы;

-Умаров Абдусаттар-айыл башчы;

-Мураталиев Тохтомамат-айыл башчы;

-Каракожоев Алмаз – айыл башчы;

-Мырзакматов Нургазы-айылдык кеңештин депутаты;

-Кубанычбек уулу Ырысбек-айылдык кеңештин депутаты;

-Дехканов Азамат-айылдык кеңештин депутаты;

-Башихтинова Наргиза-айылдык кеңештин депутаты;

-Толубаев Максатбек-айылдык кеңештин депутаты;

-Кадыркулова Зинахан-айылдык кеңештин депутаты;

-Абдиев Аширбек-айылдык кеңештин депутаты.

 

 

 

 

 

 

 

Айылдык кеңештин төрагасы:

Б.Кубатов.