Редакцияот 28.03.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык  кеңешинин депутаттарынын  XXX чакырылышынын  XXXV кезексиз  сессиясы

 

2024-жылдын 28-мартындагы № 30/35-1

 

 Чолпон-Ата шаардык мэриясынын  Жобосун кайра каттоодон 

өткөрүү жөнүндө

 

         Кыргыз Республикасынын Президентинин 2023-жылдын 29-декабрындагы “Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлиндеги пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө “ПЖ №370 Жарлыгынын, Кыргыз Республкиасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралындагы “Пилоттук режимдеги административдик-аймактык реформа жүргүзүү мезгилинде Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органдарынын ишин уюштуруу жөнүндө” №52 токтомун  5 пунктун, Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын, “Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) каттоо тартиби жөнүндө» жобону жана башка тешелүү актыларын жетекчиликке алып, Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

                                         

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Чолпон-Ата шаардык мэриясына Бостери айыл өкмөтү кошулуп жаткандыгына байланыштуу, Чолпон-Ата шаардык мэриясы мамлекеттик кайра каттоодон өтсүн.
  2. Мэриянын уюштуруу-укуктук формасы – мекеме.

Юридикалык жактын толук фирмалык аталышы:

-мамлекеттик тилде “Чолпон-Ата шаардык мэриясы” мекемеси:

-расмий тилде  Учреждение “Мэрия города Чолпон-Ата”:

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын кыскартылган фирмалык аталышы:

-мамлекеттик тилде “Чолпон-Ата шаардык мэриясы” мекемеси:

-расмий тилде  Учреждение “Мэрия города Чолпон-Ата”:

  1. Мекеменин жайгашкан жери (юридикалык дареги) Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, үй №75.
  2. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын жобосу жаңы редакцияда бекитилсин.
  3. Бостери айыл өкмөтүнүн өткөрүп берүү актысы бекитилсин.
  4. “Чолпон-Ата шаардык мэриясы”  мекемеси Ысык-Көл облустук юстиция башкармалыгынан мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жагы  мэриянын аппарат жетекчиси Д.С.Мамбеталиевге милдеттендирилсин.

Мамлекеттик кайра каттоо жөнүндө чечимде андагы көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтерди маалыматтардын анык экендиги ырасталат.

 

Төрага                              Б.Бакиров

 

 

 

                                                                      Чолпон-Ата шаардык кеңешинин

                                                                    2024-жылдын ­­28-мартындагы

                                                            №30/35-1 токтому менен

                                     бекитилди

 

 

Чолпон-Ата шаардык мэриясынын

жобосу

 

1. Жалпы жоболор

 

1. Шаардын мэриясынын ушул жобосу юридикалык жакты юридикалык жактарды мамлекеттик каттоо маселелери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодо колдонуу үчүн иштелип чыккан жана шаардын мэриясынын иш-аракетин жөнгө салат.

 

2. Чолпон-Ата шаардык мэриясы шаардын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органы болуп саналат жана өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүзөгө ашырат.

 

3. Мэрия юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү, өзүнүн фирмалык аталышы жазылган штамптары жана бланктары жана башка тиешелүү атрибуттары болот. Мэриянын расмий аталышы: «Чолпон-Ата шаардык мэриясы»

 - мамлекеттик тилде – «Чолпон-Ата шаардык мэриясы» .

 - расмий тилде –           «Мэрия города Чолпон-Ата ».

   Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Ысык-Көл облусу, Ысык-Көл району, Чолпон-Ата шаары, Совет көчөсү, № 75.

4. Мэрия өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, ошондой эле “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

5. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине жана “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мэрия өзүнүн атынан мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктарды сатып алууга жана ишке ашырууга, өз мүлкүнө ээлик кылууга, пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле келишим түзүүгө, мүлктү сатып алууга, ижарага алууга жана ээликтен ажыратууга, сотто доогер жана жоопкер болууга укуктуу. Мэриянын мүлктүк укуктары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык корголууга тийиш

6. Мэрия Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте муниципалитеттер аралык жана эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырат.

 

 

2. Шаардык мэриянын ишинин уюштуруучулук-укуктук негиздери

 

7. Шаардын мэриясынын компетенциясы, шаардын мэрин кызматка дайындоонун жана кызматтан бошотуунун тартиби, мэриянын ишинин финансылык-экономикалык негиздери “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси, Кыргыз Республикасынын Салыктык эмес кирешелери жөнүндө кодекси жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.

8. Мэриянын түзүмү жана штаттык расписаниеси (ырааттамасы) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен типтүү түзүмдүн жана штаттык расписаниенин негизинде мэр тарабынан бекитилет.

9. Мэрия шаардык кеңештин депутаттарына өз ыйгарым укуктарын жүзөгө ашырууда, шайлоочулардын алдында отчетторду даярдоодо жана өткөрүүдө көмөк көрсөтөт.

10. Мэрия өз ишинде шаардык кеңешке, ал эми берилген мамлекеттик ыйгарым укуктар боюнча тиешелүү мамлекеттик органдарга отчетуу болот.

11. Шаар мэриясынын аппаратында документтер менен иштөөнү уюштуруу жана иш кагаздарын жүргүзүү боюнча эрежелер архив мыйзамдарынын жана документтик иш кагаздарын жүргүзүү боюнча мыйзамдардын негизинде шаардын мэриясынын регламенти менен белгиленет.

 

3. Мэриянын актыларынын милдеттүүлүгү

 

12. Мэриянын атынан актыларды (чечимдерди) мэр токтом жана тескеме формасында чыгарат, эгерде актылардын өзүндө башкача каралбаса, аларга кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

13. Токтомдор Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын негизинде жана аларды аткаруу максатында чыгарылат. Тескемелер оперативдүү, уюштуруу жана кадр маселелери боюнча чыгарылат.

14. Чыгарылган актылар өзгөртүлүшү, толукталышы, жокко чыгарылышы же күчүн жоготту деп табылышы мүмкүн.

15. Мэриянын чечимдери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына каршы келбөөгө тийиш.

16. Мэриянын чечимдери шаардын аймагында милдеттүү юридикалык күчкө ээ.

 

4. Мэрияга келтирилген зыян үчүн жоопкерчилик

 

17. Мэриянын мүлкүнө келтирген зыян үчүн ишканалар (бирикмелер), уюмдар жана мекемелер, жарандар мэриянын алдында мүлктүк жоопкерчилик тартышат.

18. Мэриянын мыйзамдуу кызыкчылыктары сот тартибинде корголот.

 

 

5. Корутунду жоболор

 

19. Жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор шаардын мэринин чечими менен киргизилет.

20. Чолпон-Ата шаардык мэриясынын Жобосу юстиция органдарынан каттодон өтөт.

 

 

Мэр                                                                                                         А.Т.Турдубеков