Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон-Ата шаардык  кеңешинин депутаттарынын  XXX чакырылышынын  XXXVI кезексиз  сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрелиндеги № 30/36-1

 

 Чолпон-Ата шаарынын схематикалык картасы жөнүндө

  

“Кыргыз Республикасынын административдик-аймактык түзүлүшү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, Ысык-Көл облусунун, Ысык-Көл районунун Чолпон-Ата шаарынын Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин  Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан түзүлгөн Схематикалык картасын карап чыгып жана талкуулап Чолпон-Ата шаардык кеңеши,

Токтом кылат:

 

1. Чолпон-Ата шаарынын административдик чек арасынын схематикалык картасына жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.

2.  Шайыбек-Ата айыл аймагынын депутаттары менен   жайыт жерлеринин чек араларын такташуу жагы шаардык кеңештин   “Экология, транспорт, курулуш, муниципалдык менчик, жерди пайдалануу маселелери боюнча” туруктуу комиссиясына жана Чолпон-Ата шаарынын мэрине  тапшырылсын.

3. Бул токтомдун көчүрмөсү Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.

4.   Токтомду көзөмөлгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

 

Төрага                                                   Б.Бакиров