КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 8/2
Кочкор айылынын «Кочкор Таза-Суу» муниципалдык ишканасын кайра түзүү жөнүндө
Кочкор айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы «Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын уюштуруучуларынын жалпы чогулушунун 18-октябрь 2021-жылдагы №2 протоколун карап, талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. «Кочкор райондук Таза-Суу» муниципалдык ишканасы «Кочкор Таза-Суу» муниципалдык ишканасы болуп кайра түзүлсүн.
2. «Кочкор Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын уюштуруучусу болуп «Кочкор айыл аймагынын айыл өкмөтү» мекемеси калтырылсын (каттоо номери: 109527-3304-м-е, ИУЖК коду 20641445, ИСН 208051990610033, юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Нарын облусту, Кочкор району, Кочкор айылы, Шамен көчөсү №36 үй, жетекчиси М. М. Исраилов.
3«Кочкор Таза-Суу» муниципалдык ишканасынын уставына өзгөртүү киргизүү, жана Юстиция министирлигинин Нарын облусунун башкармалыгынан каттоодон өткөрүү Кочкор айыл өкмөт башчысы М.М. Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | Э.Э. Эшмукамбетов |