Редакцияот 29.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

2021-жылдын 29-ноябры № 8/3

Кочкор айылдык кеңешинин  5-май  2008-жылдагы № 44 токтомуна  өзгөртүү киргизүү жөнүндө

 

              Кочкор айылдык кеңешинин 5-май 2008-жылдагы №44 токтому менен турак-жай курууга  муктаж адамдардын муктаждыгын чечүү үчүн бардыгы 110 га айдоо жерлери «айыл чарба  багытындагы жерлер» категориясынын «калктуу пункуттарды жерлери» категориясына которууга сунуш кылган. Сунуш кылган жердин өлчөмүн азайтуу максатында  «Кочкор айылдык кеңешинин 5-май 2008-жылдагы №44-токтомуна өз алдынча башкаруу жөнүндө»  Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү  мамлекеттик  администрация жана  жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  органдары жөнүндөгү»  Мыйзамынын  39-беренесинин негизинде, токтом кылат:

 

1.Кочкор айыл өкмөтүнүн 24-ноябрь 2021-жылдагы  №1 токтому  бекитилсин.

 

2.Кочкор айылдык кеңешинин 5-май 2008-жылдагы №44-токтомунун негиздөөчү текстинен  «үлүш жеринен 11.5 га», «жалпысы  40га», «Сай участкасынан 15га», Теңдик айылынын  Уй-Сарай участкасындагы жер участкалары (үлүштөрүн) жеке менчик ээлери Дүйшөнкул  Абдыкалыков 2,4,  Үсөнкул Абдыкалыков 1,60га,  Калый  Жапаров 22,4га,  Жапаров Өмүркул Калыевич 2,0га, Карымбаев Темирбек Мааткеримовичтин 1,6га, Жангазиев  Уланбек  Жунушовичтин 1,6га суу баскан» деген сөздөр алынып салынсын.

 

3.Теңдик  айылынын  (мурдагы Теңдик  совхозунун)  айдоо жерлеринен  «Уй-Сарай»  участкасынан №67, №258-контурлардан 28,5га, Большевик айылынан (мурдагы Исакеев совхозунун) айдоо жерлеринен «Ак-Кырчоо» участкасынан № 292;№293 контурлардан-20га, «Стадион» участкасынан  №391; №457; №458; №459; №461-контурлардан 35га, айдоо жерлери «айыл чарба багытындагы жерлер» категориясынан «калктуу конуштардын жерлери»  категориясына которууга сунуш кылынсын.

 

4.Кочкор айылдык кеңешинин 5-май 2008-жылдагы №44-токтомунун экинчи пунктундагы «98,5» саны алынып салынып, «83,5» деп, төртүнчү пунктундагы «110» саны  алынып салынып  «83,5» деп жазылып окулсун.

 

5.Жеке турак жай салуу үчүн жарандарды жер тилкелери менен камсыз кылуу боюнча Кочкор айыл өкмөтүнүн программасы бекитилсин.

 

 

Төрага:

Э.Э. Эшмукамбетов