КОЧКОР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 29-ноябры № 8/4
Кочкор айыл өкмөтунүн коомдук алдын алуу борборунун (КАБ)
Уставын жана анынкеңешин, планын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнyн 2015-жылдын 27-октябрындагы “Коомдук алдын алуу борборунун типтүү уставын бекитүү жөнундө” №747 токтомуна ылайык Кочкор айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борборунун Уставы жана анын кеңеши боюнча маалыматын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнундө» мыйзамынын 39-беренесинин негизинде, токтом кылат:
1. Кочкор айыл өкмөтунун коомдук алдын алуу борборунун Уставы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин
2. Кочкор айыл өкмөтүнүн сунуштаган коомдук алдын алуу борборунун кеңеши 2 жылдык мөөнөткө 2-тиркемеге ылайык бекитилсин
3. Коомдук алдын алуу борборунун стратегиялык планы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин
4. Коомдук алдын алуу борборунун ишмердүүлүгүн жобого ылайык уюштуруу Кочкор айыл өкмөтунун башчысы М.Исраиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | Э.Э. Эшмукамбетов |
Кочкор айыл өкмөтүнун КААБнун Уставы
жана КААБнун кеңешинин курамы Кочкор айылдык
кеңешинин 2021-жылдын 29-ноябрындагы №8/4
токтому менен бекитилген.
1- Тиркеме
Кочкор айыл өкмөтүнун коомдук алдын алуу борборунун
Уставы
1. Жалпы жоболор
1. Коомдук алдын алуу борбору (мындан ары – КАБ) – жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (мындан ары - ЖӨБО) тарабынан көрсөтүлгөн административдик-аймактык бирдиктердин жана алардын курамына кирген айрым участоктордун, калктуу конуштардын тиешелүү аймактарында укук бузуулардын алдын алууну уюштурууга жана жүргүзүүгө ЖӨБО менен жарандардын биргеликте катышуусу максатында Кочкор айыл өкмөтунүн административдик аймагында түзүлгөн коммерциялык эмес уюм.
2.КАБнун толук аталышы:
- мамлекеттик тилде: “ Кочкор айыл өкмөтүнүн коомдук алдын алуу борбору”.
- расмий тилде: “Общественно-профилактический центр Кочкорского айыл окмоту”.
3. КАБнун уюмдаштыруучусу болуп Кочкор айыл өкмөтүэсептелинет. Айылдык кеңеште КАБун эсепке алып, каттоо жүргүзүлгөн учурдан тартып өзүнүн статусун алат. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте КАБу юридикалык жактын – коммерциялык эмес уюмдун статусун алууга да укуктуу. Юридикалык жак болгондон кийин мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы жазылган мөөрү жана штампы болот.
4. КАБ өз ишин “Кыргыз Республикасындагы укук бузуулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын укук бузуулардын алдын-алуу чөйрөсүндөгү башка ченемдик укуктук актыларына, ошондой эле Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерге жана ушул Уставга ылайык ишке ашырат.
5. КАБдын иши мыйзамдуулук, ыктыярдуулук, инсанды урматтоо мамлекеттик органдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана калк менен өз ара аракеттенүү принциптеринде уюштурулат.
6. КАБнун юридикалык дареги: Кочкор айылы
7. КАБдын туруктуу иш алып баруучу органынын - Кеңешинин юридикалык дареги: Кочкор айыл өкмөтү, Шамен көчөсү, 36
2. КАБдын максаттары жана милдеттери
8. КАБдын максаты ЖӨБОнун, жергиликтүү коомдоштуктун, жарандык коомдун, шаардын тиешелүү аймагында жайгашкан, менчигинин түрүнө карабастан уюмдардын жана мекемелердин күч-аракеттерин мыйзам бузуулардын алдын алууга, аныктоого, бөгөт коюуга, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү жагдайларды жоюу, жарандардын тартибин жана коопсуздугун камсыз кылууга багытталган иш-чараларды жүргүзүүгө бириктирүү.
9. КАБдын ишинин артыкчылыктуу багыттары болуп төмөнкүлөр саналат:
- жалпы алдын-алууну камсыз кылуу (социалдык, экономикалык, саясий, укуктук жана башка кылмыштуулукка каршы факторлорду активдүү пайдаланууда мыйзам бузууларга жол бербөө);
- жекече алдын алуу (мыйзам бузууларга бара турган адамдарды аныктоо жана коомго каршы көз караштарды жана көрсөтмөлөрдү жеңүү);
- түздөн-түз алдын алуу (конкреттүү адамдын мыйзамга каршы мамилесинин фактыларына жол бербөө);
- эрте алдын алуу (балдар жана өспүрүмдөр тарабынан мыйзамга каршы аракеттердин жасалышына жол бербөө).
10. КАБдын милдеттери өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
- мыйзам бузууларды жана коомго каршы аракеттерди алдын алуу, аларды жасоого мүмкүндүк берүүчү себептерди жана шарттарды аныктоо жана жоюу жолу менен жарандардын укуктарын, эркиндигин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын мыйзамга каршы аракеттерден коргоону камсыз кылуу;
- мыйзамга каршы жүрүм-турумдагы адамдарга карата жекече алдын алуу аракеттерин көрүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга багытталган алдын алуучу чараларды көрүү;
- мамлекеттик органдар, коомдук бирикмелер жана жарандар менен мыйзам бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүүнү уюштуруу;
- укуктук билимдерди пропагандалоо;
- жашы жете электердин көзөмөлсүз калуусун алдын алуу боюнча иш-чараларга катышуу;
- шаардын курамына кирүүчү айрым участоктордун, калктуу конуштардын аймактарында мыйзам бузуулардын абалына жана динамикасына мониторинг жүргүзүү;
- мыйзам бузуулардын алдын алууга тиешелүү мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоого, тийиштүү сунуштарды даярдоого катышуу;
- мыйзам бузуулардын алдын алуу системасын өнүктүрүү боюнча сунуштарды, сунуштамаларды даярдоо, аларга жергиликтүү коомдоштуктун мүчөлөрүнүн катышуусун активдештирүү;
- өз жыйындарында коомдук тартипти сактоо жана кылмыштуулук менен күрөшүү, мыйзам бузуулардын себептерин жана шарттарын жоюу (нейтралдаштыруу), жарандардын мыйзамга баш ийүүсүнө дем берүү маселелерин кароо жана бул багыттар боюнча мамлекеттик органдар үчүн конкреттүү сунуштамаларды иштеп чыгуу.
11. КАБдын иши тейлеген аймагында кылмыштуулуктун жана мыйзам бузуулардын абалын талдоонун негизинде иштелип чыккан алдын алуу иш-чараларынын планына ылайык ишке ашырылат.
3. КАБдын укуктары жана милдеттери
12. КАБ өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаруу үчүн төмөнкүлөргө укуктуу:
- өзүнүн иши жөнүндө маалыматтарды эркин жайылтууга;
- мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана коомдук бирикмелерде өз укугун, КАБдын мүчөлөрүнүн мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоого жана билдирүүгө;
- өзүнүн уставдык максаттарын ишке ашырууга тиешеси бар маселелер боюнча демилге менен чыгууга, мамлекеттик бийлик органдарына жана ЖӨБОлорго сунуштарды киргизүүгө;
- мамлекеттик бийлик органдарынан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, коомдук бирикмелерден жана кызмат адамдарынан зарыл болгон маалыматты жана материалдарды белгиленген тартипте суроого;
- өз жыйындарына жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын жана мекемелердин, уюмдардын кызмат адамдарын коомдук бирикмелердин өкүлдөрүн чакырууга;
- зарыл болгон учурда өз өкүлдөрүн мамлекеттик бийлик органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өткөргөн жыйындарга, конференцияларга, семинарларга КАБдын компетенциясына кирген маселелер боюнча катышууга жиберүүгө;
- тейлеген аймагында жайгашкан ишканалардын, мекемелердин, коммерциялык түзүмдөрдүн жетекчилери менен укуктук тартипти чыңдоо маселелери боюнча кызматташууга;
- мамлекеттик жана жеке уюмдар, жеке жактар менен келишимдик мамилелерди түзүүгө, КАБдын ишинин максаттарына шайкеш келген жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка иш-аракеттерди жасоого;
- жалпы максаттарга жетүү үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын аймагында ассоциацияларды жана бирикмелерди түзүүгө, ички жана чет өлкөлүк инвестицияларды тартууга, гранттарды жана башка трансферттерди, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардан жана мекемелерден алуу максатында укук бузуулардын алдын алуу маселелери боюнча программалардын ар түрдүү долбоорлорун иштеп чыгууга.
13. КАБ төмөнкүлөргө милдеттүү:
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, өз ишинин чөйрөсүнө тиешеси бар эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин жана ченемдерин, ошондой эле ушул уставда жана башка уюмдаштыруучу документтерде каралган ченемдерди сактоого;
- дайыма, жылына бирден кем эмес жолу жергиликтүү коомдоштуктун, жергиликтүү кеңештин жана тиешелүү деңгээлдеги укук коргоо органдарынын координациялык кеңешмесинин алдында мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча өз иши жөнүндө отчет берүүгө;
- мыйзам бузуу фактылары жөнүндө ички иштер органдарына (мындан ары - ИИО) маалымдоого, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чараларды көрүүгө;
- коомдук бирикмелерди каттаган органдын суроо-талабы боюнча КАБдын жетектөөчү органдарынын жана кызмат адамдарынын чечимдери менен документтерди берүүгө;
- жарым жылдыктын жана жылдын жыйынтыгы боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына өзүнүн иши жөнүндө дайыма маалымат берүүгө;
- тиешелүү мамлекеттик органдарга ченемдик укуктук актыларда белгиленген мөөнөттө жана тартипте тийиштүү маалыматтарды жана отчетторду өз убагында берүүгө;
- жалпыга маалымдоо каражаттары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын сайты аркылуу коомчулукка КАБдын иши жөнүндө мезгил мезгили менен маалымдап турууга;
- КАБдын кадыр-баркы жана имиджи жөнүндө кам көрүүгө, анын идеяларын пропагандалоого.
4. КАБдын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери
14. КАБга мүчөлүк ыктыярдуу негизде, жеке жана (же) жамааттык тартипте, жеке жана (же) жамааттык кайрылуунун негизинде ишке ашырылат.
15. Айылдын аймагында туруктуу жашаган же иштеген, 18 жашка толгон, иш-аракетке жөндөмдүү Кыргыз Республикасынын жарандары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары, ИИОнун кызматкерлери, ИИОнун жана эмгектин ардагерлери, аксакалдар сотторунун, аялдар жана жаштар кеңешинин, комерциялык эмес уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле ишканалардын, окуу жайлардын жетекчилери, шаардык кеңештин депутаттары, кварталдык, турак-жай комитеттеринин жана өзүнүн моралдык-иштиктүү сапаттары боюнча коомдук тартипти коргоо милдеттерин ийгиликтүү аткарууга жөндөмдүү жарандар КАБдын мүчөлөрү боло алышат.
16. КАБдын мүчөлөрү өз милдеттерин аткарууда мамлекеттин коргоосунда болушат. Алардын кол тийбестиги, ар-намысы жана кадыр-баркы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте корголот.
17. КАБдын мүчөлөрү бирдей укукка ээ болушат жана бирдей милдеттерди аткарышат.
18. КАБдын мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- жалпы чогулуштарга катышууга;
- КАБдын жетектөөчү жана контролдоочу-ревизиялык органдарына шайлоого жана шайланууга;
- КАБга анын иши менен байланышкан маселелер боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- КАБдын пландалган иш-чаралары жөнүндө маалымат алууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга катышууга.
19. КАБдын мүчөсү төмөнкүлөргө милдеттүү:
- КАБдын Уставын сактоого;
- КАБдын ишине катышууга;
- КАБдын жетектөөчү органдарынын чечимдерин аткарууга;
- КАБ тарабынан өткөрүлүүчү иш-чараларга, жалпы чогулуштарга катышууга.
20. КАБга мүчөлүк төмөнкү учурларда токтотулат:
- жеке арызынын негизинде;
- КАБдын жетектөөчү органынын чечиминин негизинде КАБдын мүчөлүгүнөн чыгаруу;
- КАБдын мүчөсү каза болгондо;
- КАБдын мүчөсү ден-соолугунун абалы боюнча өз милдеттерин аткарууга жөндөмсүз болгондо;
- КАБдын мүчөсү ишке жөндөмсүз деп таанылган учурда;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда.
21. КАБдан чыгаруу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
- ушул Уставдын талаптарын бузганда;
- жарандын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирүүчү жоосундарды жасаганда;
- КААБдын ишине үч жолудан ашык катышуудан баш тартканда.