БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №2
“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата бюджетин бекитүү жана 2025-2026-жылга бюджет долбоору жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-, 117-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” №123-мыйзамынын 34-беренесин аткарууга алуу менен, Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорун жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кенешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII –сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылга бюджетинин киреше чыгаша бөлүгү боюнча жалпы 162210,9 миң сом анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 146110,7 миң сом, ал эми атайын каражат эсебинен (ата-энелер эсебинен чогула турган акча каражат) 16100,2 миң сомго бекитилсин.
2. Базар-Коргон шаардык кеңешинин жергиликтүү бюджетинин 2025-жылга болжолдуу киреше бөлүгү178871,8 миң сомго, 2026-жылга 201089,1миң сомго бекитилсин.
3. Базар-Коргон шаар мэриясынын корголуучу элементтерине аппарат кызматкерлерин жана маданият бөлүмүнүн кызматкерлерин эмгек маяна үчүн 18890,6 миң сом, социалдык фондго төлөмдөргө 2447,2 миң сом, кызматтык кыдырууларга чыгашалары 505,5 миң сом, байланыш кызмат көрсөтүүсүнө 760,0 миң сом, транспорттук кызмат көрсөтүүлөргө 1126,8 миң сом, көмүр сатып алуу жана отундун башка түрлөрүн алууга 6033,0 миң сом, коммуналдык кызматтарга ( таза суу акысы мектептер жана балдар бакчалары) 400,0миң сом, резервный фондго 1461,1 миң сом бекитилсин.
4. Базар-Коргон шаарына караштуу «Тазалык» муниципиалдык ишканасына элден чыккан таштандыларды ташуу үчүн 15000,0 миң сом бекитилсин.
5.Муниципалдык менчикти башкаруу департаментине эмгек акысы үчүн 7000,0 миң сом, А.Текебаев атындагы борбордук стадионго 100,0 миң сом, субсидия катары бекитилсин.
6. “Капиталдык курулуш департамент” ишканасына субсидия катары 3629,8 миң сом бекитилсин.
7. “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу” чарбасынын кызматкерлеринин эмгек маянасы үчүн 4917,4 миң сом бекитилсин.
8. Базар-Коргон шаарынын мэриясына чарбалык товарлар сатып алуу үчүн 400,0 миң сом бекитилсин.
9. Базар-Коргон шаарына караштуу балдар бакчаларынын корголгон статьялары үчүн 200,0 миң сом, жабдуулар сатып алуу үчүн 850,0 миң сом, чарбалык товарлар сатып алуу үчүн 600,0 миң сом, мүлктү учурдагы ремонту үчүн 700,0 миң сом, №27 Мамалак, №33 Айшола, №41 Нурбакыт, №36 Айкөл балдар бакчаларынын ижара акысы үчүн 820,0 миң сом бекитилсин.
10. Атайын каражаттар эсебине (родительский взнос) 16100,2 миң сом бекитилсин.
11. Базар-Коргон шаарына караштуу орто жана тогуз жылдык мектептердин корголгон статьялары үчүн 240,0 миң сом, эмеректер сатып алуу үчүн 500,0миң сом, мүлктү учурдагы оңдоо иштери үчүн 200,0 миң сом жана чарбалык товарлар сатып алуу үчүн 200,0 миң сом, суу акы үчүн 200,0 миң сом бекитилсин.
12. Базар-Коргон шаар мэриясынын алдында ачылган “Капиталдык курулуш департамент” ишканасына: Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө жаңы асфальт төшөөгө жана борбордук айланпаны реконструкциялоо үчүн 10000,0 миң сом, Борбордук стадионго склад куруу үчүн 1500,0 миң сом, Мэриянын клубун ремонтоо үчүн 4000,0 миң сом, “Тазалык” жана “Көрктөндүрүү жашылдандыруу” чарбасын ремонтоо үчүн 1000,0 миң сом, Базар куруу үчүн 15000,0 миң сом, Балдар бакчаларынын курулуш иштери үчүн 6000,0 миң сом, Мектептердин курулуш иштери үчүн 6000,0 миң сом, Ү. Сыдыков атындагы паркына скважина куруу үчүн 2200,0 миң сом, Балдар ойноочу жай куруу үчүн 1000,0 миң сом, Долбоор проект жана смета жасатуу үчүн 2000,0 миң сом бекитилсин.
13. Базар-Коргон шаарына караштуу жаңы конуштарга зым столба электр чубалгыларын жана трансформатор сатып алуу үчүн 3000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
14. “Көрктөндүрүү, жашылдандыруу” чарбасына: ар түрдүү көчөттөр сатып алуу үчүн 3000,0 миң сом, керектүү жабдуулар жана эмерек буюмдар, атайын кийимдер сатып алуу үчүн 1800,0 миң сом, жарыктандыруу үчүн 2161,2 миң сом, Базардын айланасына тратуар куруу жана А.Текебаев көчөсүн тосмолоо үчүн 5000,0 миң сом, көк чөп сатып алуу үчүн (газон) 300,0 миң сом, топурак сатып алуу үчүн 700,0 миң сом, жол чырактарын орнотуу жана ремонтоо үчүн 200,0 миң сом, апилка сатып алуу үчүн 100,0 миң сом, Борбордук көчөлөрдү актап сырдоо жана краскалоо үчүн 500,0 миң сом, заманбап сахна саябан сатып алуу үчүн 1500,0 миң сом, цемент сатып алуу үчүн 500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
15. “Тазалык” ишканасына техника сатып алуу үчүн 1500,0 миң сом, “Көрктөндүрүү жашылдандыруу” чарбасына авто вышка сатып алуу үчүн 4500,0 миң сом, долбоорлор жана фондтор менен иштөө үчүн 7000,0 миң сом, Базар-Коргон шаарынын аппарат жана шаардык кеңешинин кызматкерлерине оргтехника (компьютер, принтер) алууга 500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
16. Базар-Коргон шаарына караштуу көчөлөргө шагал төгүү үчүн 2000,0 миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы бекитилсин.
17. Жыл ичинде боло турган майрамдарга карата 4856,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
18. Базар-Коргон шаарынын калкын материалдык жактан жардам көрсөтүү максатында 2000,0 миң сом, материалдык жардам (5,0 миң сомдон 10,0 миң сомго чейин, чет өлкөгө чыгып дарылануу үчүн 20,0 миң сом) өлчөмүндө бекитилсин.
19. Көрнөк жарнактарды жасатып илдирүү үчүн 700,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
20. Республика боюнча өтүүчү өзгөчө кырдаалды алдын алуу боюнча Базар-Коргон шаарында окуу өткөрүү үчүн 500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
21.Жолбун жүргөн иттерди атуу үчүн 400,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
22. Бешбадам айылындагы яма беккерди дезинфекциялоо үчүн 65,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
23. Көз карандысыз баалочунун кызмат акысы үчүн 300,0 миң сом, архитектура кызматы үчүн 800,0 миң сом, мамлекеттик жана муниципиалдык жерлердин иш кагаздарын даярдап бергендиги үчүн кызмат акысы 500,0 миң сом бекитилсин.
24. Автокран кызматы үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
25. Спорт оюндары үчүн 1500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
26. Мал санак кызматы үчүн 250,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
27. Базар-Коргон шаарына караштуу Бешбадам айылындагы ача кароолунун эмгек маянасы 60,2 миң сом, социалдык фондго төлөмдөргө 10,4 миң сом акча каражаты бекитилсин.
28. Дрон жана чөп оро турган машина (газонокосилка) алуу үчүн 150,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
29. Базар-Коргон сайтын иштетүү үчүн 300,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
30. Суу пайдалануучулар ассоциациялары Мурап жана Обухаёт ишканаларына 200,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
31. Муниципалдык менчикти башкаруу департамент ишканасына эмеректер сатып алуу үчүн 250,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
32. Базар-Коргон шаарында ассимиляция иштерин жүргүзүү үчүн 100,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
33. Алдын ала каралбаган чыгымдар үчүн 3627,9 миң сом акча каражаты бекитилсин.
34. Талаадагы камыштарды жок кылуу үчүн 300,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
35. Дт Булдозер сатып алуу үчүн 350,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
36. Жаны отургузулган көчөттөрдү тосмолоо үчүн 1134,1 миң сом акча каражаты бекитилсин.
37. “Көрктөндүрүү жашылдандыруу” чарбасына сезондук жумушка 8 кызматкерге 1152,3 миң сом акча каражаты бекитилсин.
38. Ү.Сыдыков атындагы эс алуу багындагы көчөттөргө тамчылатып суугаруу системасын киргизүү үчүн 2000,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
39. Жылуулук ишканасына 1500,0 миң сом акча каражаты бекитилсин.
40. Келишим түзүлүп аткарылбай калган иштер үчүн 2491,4 миң сом акча каражаты бекитилсин.
41. Базар-Коргон шаарынын жергиликтүү бюджетинде 2025-жылдын 01-январына карата бюджеттик кодекстин негизинде калдык 50,0 миң сомдон кем эмес акча каражаты калсын.
42. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылкы жергиликтүү бюджети жогоруда көрсөтүлгөн жумуштар үчүн ажыратылып берилсин. 2024-жыл ичинде үнөмдөлгөн акча каражаттары Базар-Коргон шаар мэриясы тарабынан керектүү көйгөйлүү чыгымдарга бекитилсин.
43. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
44. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
45. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |