БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №3
“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттен калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө”
Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жыл ичинде иштетилбей калган 29359,9 миң сом акча каражатын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттен такталган планына отургузуу боюнча шаардык кеңештин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп, талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кенешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII –сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жыл ичинде иштетилбей калган 29359,9 миң сом акча каражаты 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –
а) 70111-разделдин 2215-статьясына +2803,4 миң сомго
б) 70629-разделдин 2511-статьясына +16556,5 миң сомго
в) 70629-разделдин 3112-статьясына +10000,0 миң сомго
Жалпысы болуп 29359,9 миң сом акча каражаты жогоруда көрсөтүлгөн разделдердин элементтерине отургузулсун.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К.К. Анарбеков. |