Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жылы 31-январы №4

 

“Базар-Коргон шаар мэриясынын 2024-жылдын 1-январына карата калдык болуп атайын каражаттан калган каражаттарды пайдалануу жөнүндө”

           

Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен калдык болгон 269,3 миң сом акча каражатын 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча такталган планга отургузуу боюнча шаардык кеңештин бюджет-экономика, сырткы жана ички инвестиция тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп талкуулап, депутаттардын сунуш пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык Кенешинин I-чакырылышынын кезектеги XХVII –сессиясы токтом кылат:

 

1. Базар-Коргон шаар мэриясынын 2023-жыл ичинде атайын каражаттар эсебинен иштетилбей калган 269,3 миң сом акча каражаты 2024-жылга карата жергиликтүү бюджеттин атайын каражаттары боюнча чыгаша бөлүгүнө –

а) 70911-разделдин 2218-статьясына +269,3 миң сомго отургузулсун.

2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана мэриянын финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Ж.Рахмоналиевге жүктөлсүн.

3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.

 

 

Төрага:

К.К. Анарбеков.