Редакцияот 31.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын

2024-жылы 31-январы №5

 

“Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планын бекитүү жөнүндө”

           

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу  жөнүндөгү”  мыйзамынын, Базар-Коргон шаардык кеӊешинин регламентинин 22-главасынын негизинде, шаардык кеӊештин туруктуу комиссия төрагаларынын, жооптуу катчысынын жана депутаттардын  сунуштарын, айтылган пикирлерди угуп жана талкуулап, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:

 

1.Базар-Коргон шаардык кеңешинин 2024-жылга карата иш-планы бекитилсин.

 

2.Базар-Коргон шаардык кеӊешинин 2024-жылга бекитилген иш планынын аткарылышын  камcыз кылуу жагы шаардык кеӊештин жооптуу кызматкерлерине жана шаардык кеӊештин туруктуу комиссияларына  жүктөлсүн.

 

3.Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

 

 

Төрага:

К. Анарбеков.