БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №6
““Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтерин бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, 34-беренесин аткарууга алуу менен, 24.01.2024-жылы №07 чыгыш саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаарындагы турмуш-тиричиликтин катуу калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Анарбеков. |
№1-тиркеме
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын 31.01.2024-жылдагы кезектеги XXVII-сессиясынын № 6-токтому менен бекитилген. . |
Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын тарифтери
| Абоненттердин категориясы | Метр куб | Сом/м. куб | ӨЛЧӨӨ | ТӨЛӨМ сом | |
№ | (жылдык) | (жылдык) | бирдиги | айга | жылдык | |
Базар-Коргон шаарынын тургундарына | ||||||
1 | Жергилүүктүү жашоочулар | 0,7 | 520 | жан башына | 30 | 360 |
Административдик ишканалар | ||||||
1 | Мекеме уюмдар | 0,65 | 520 | 1 кызматк( | 28 | 338 |
Соода сатык тармагы | ||||||
1 | Базарлар, курулуш базарлары, | 0,8 | 520 | 1-кв метр | 35 | 416 |
2 | Өнөр-жай, дүр-дүйнө дүкөндөрү, соода борборлору, чоң жана маркеттер | 0,5 | 520 | 1-кв метр | 22 | 260 |
Транспорт тармагы | ||||||
1 | Автоунаа бекеттери | 0,5 | 520 |
| 22 | 260 |
Кызмат көрсөтүү тармагы | ||||||
1 | Кафелер, ресторандар, ашканалар, барлар | 0,5 | 520 | 1-кв метр | 22 | 260 |
2 | Бильярддык залдар | 0,2 | 520 | 1катышуу- | 9 | 104 |
3 | Навайкана, самсакана (тандырына) шашлыкчылар (мангалына) | 12 | 520 | 1 даана | 520 | 6240 |
4 | Күйүүчү май куйуучу жайлар, автоунаа оңдоочу жайлар | 0,6 | 520 | 1-кв метр | 26 | 312 |
5 | Кызмат көрсөтүү сферасы, чач тарачтар, сулуулук салондор, мастердик оңдоо | 6 | 520 | 1 кызматкер | 260 | 3120 |
6 | Компьютердик оюн залдар | 1,5 | 520 | 1 орундукка | 65 | 780 |
7 |
Ажаатканалар |
2,5 |
520 |
1 орундукка | 108 |
1300 |
“Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси |
Э.Нуркамилов. |