БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №7
“Тазалык” муниципалдык ишканасына кошумча штат бирдигин карап берүү жана кызматкерлерине эмгек акы кошуп берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-34-65-беренелерин аткарууга алуу менен, 24.01.2024-жылкы чыгыш №05 саны менен катталган Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:
1. “Тазалык” муниципиалдык ишканасына кошумча: 1 юрист, 2 бригадир, 1 сварщик, 2 тазалоочу жалпысы болуп 6 штаттык бирдикти карап берүүгө жана “Тазалык” муниципиалдык ишканасынын айдоочу, тазалоочу кызматкерлеринин эмгек маянасын 5000 миң сом өлчөмүндө эмгек акы кошуп берүүгө макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана Базар-Коргон шаар мэриясынын алдындагы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Э.Нуркамиловго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Анарбеков. |