БАЗАР-КОРГОН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Базар-Коргон шаардык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XXVII сессиясынын
2024-жылы 31-январы №8
“Базар-Коргон шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата бюджеттик иш планын бекитип берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 27-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 4-беренесинин 3-пунктун аткарууга алуу менен, 22.01.2024-жылкы №03 чыгыш саны менен катталган Базар-Коргон шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Көчөровдун катына жана Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусуна негиз, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Базар-Коргон шаардык кеңешинин I-чакырылышынын кезектеги XXVII -сессиясы токтом кылат:
1. Базар-Коргон шаардык жайыт пайдалануучулар бирикмесинин 2024-жылга карата 990,4 миң сомго бюджеттик иш планы бекитилип берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Базар-Коргон шаар мэри Т.Осмоновго жана жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Б.Көчөровго жүктөлсүн.
3. Аталган токтом Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Мыйзамына ылайык Базар-Коргон шаарынын расмий www.bazar-korgonmeria.kg веб-сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Базар-Коргон шаардык кеңешинин бюджет-экономика, ишкердикти колдоо, транспорт, стоянка, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Нуркамиловго милдеттендирилсин.
Төрага: | К. Анарбеков. |