Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын

 

 

2024-жылы 24-январы №1

 

“Айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026 жылдарга карата өнүгүү планын бекитүү жөнүндө”

           

Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Райышбеков Курсантбектин 2024-2025-2026-жылдарга карата түзгөн айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы менен таанышып, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы

           

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.    2024-2025-2026- жылдарга карата Кара-Суу айыл өкмөтүнүн өнүгүү планы тиркемеге ылайык бекитилсин.(тиркеме тиркелет)

 

2.    Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;

 

3.    Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Кубанычбек уулу Фархатка жүктөлсүн;

 

 

Төрага:

У.Жунусалиев.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кара-Суу айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын №1 токтомуна тиркеме

 

2024-2025-2026-жылдарга карата Кара-Суу айыл өкмөтүнүн болжолдуу өнүгүү планы

Тармактардын аталышы

 

Көйгөйлөрдү чечүүдө коюлган максаттар

Чечүүчү жолдору жана кадамдар

Ченемдер

Убактысы

Жоопкерчилик

2024-жылга карата

 

Кез-Арт айылына спорт зал куруу, айыл жаштарынын ден соолугун чыңдоо, спортко чакыруу

Жергиликтүү бюджет , Демөөрчү

3500,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

Сай-Булун айылындагы спорт зал куруу

Айыл жаштарын футбол жактан көтөрүү

 

Жыл ичинде

Айыл өкмөт

Кара-Камыш көлүнө туристтик эс алуу жайларды уюштуруу

Ишкелердин колдоосу менен

 

Июнь-июль

Айыл өкмөтү

 

Кара-Суу айылына караштуу Ийри-Булун участкасындагы суу жээгин 200 метр аралыкта дамба куруу

 

 

ӨКМ

 

 

250,0

 

 

Жыл ичи

 

 

Айыл өкмөтү

Ички жолдорду тазалоо, сел алып кеткен жерлерди ондоп түзөө

ӨКМ, айыл өкмөт

500,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

Ишкердикти өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү

 

Жергиликтүү экономика көтөрүлөт

 

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

2025-жыла карата

 

Сай-Булун айылына спорт зал куруу иштерин бүтөрүү

Айыл жаштарын спортко чакыруу

1500,0

2025-жыл

Айыл өкмөтү

Кабактын-Доңүндөгү латокторду оңдоп түзөө

Айдалуучу жерлердин көбүү суу менен камсыз болуп, эгиндин түшүмдүүлүгү жогорулайт

2500,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

Кара-Суу айыл өкмөтүнө маданият үйүн капиталдык ремонттон өткөрүү

Айылдын маданиятын көтөрүү

3000,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

2026-жылга карата

Ак-Таш жолдорун бүтөрүү

Демөөрчү, жергиликтүү бюджет

 

2-3 квартал

Айыл өкмөтү

Аялдарды жумуш орду менен камсыздоо үчүн жеңил өнөр-жай тармагын өнүктүрүү (тигүүчү цех, жүндү кайра иштетүүчү) цех куруу

Аялдар жумуш орундары менен камсыз болот

5000,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

К.Кенжебаев мектебин жаңыдын куруу

Стим грант, Демөөрчү

-

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

Ички жолдорду тазалоо, сел алып кеткен жерлерди ондоп түзөө

Жергиликтүү бюджет

250,0

Жыл ичинде

Айыл өкмөтү

 

 

 

 

 

Экономист-статист

А.Жунусбаева.