Редакцияот 04.02.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

1-Май айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын  кезектеги I сессиясы

 

2021-жылдын 4-февралы №1/3

 

            1-Май айыл өкмөтүнүн  2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө

 

           “Кыргыз Республикасынын бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында 1-Май айыл өкмөтүнүн башчысы М. Шербаевдин билдирүүсүн жана айылдык Кеңештин финансы, бюджет, экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын февраль отурумунун  чечимин карап жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 2021-жылдагы  I сессиясы

 

                                                               ТОКТОМ КЫЛАТ:

            1. 2021-жылга 1-Май айыл Өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери жана чыгашалары  22594,0(жыйырма эки миллион беш жүз токсон төрт) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. 2021-жылга 1-Май айыл Өкмтүнүн атайын төлөм каражатынын  кирешелери жана чыгашалары 1400000(бир миллион төрт жүз) миң сом өлчөмүндө бекитилсин.

3. Айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына төмөнкү милдеттерди аткаруу жүктөлсүн.

        -Бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу жана  чыгымдарды пайдаланууну оптималдаштыруу боюнча чараларды көрүү.

       -Бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш- чараларды иштеп чыгууну турмушка ашыруу.

      -Финансылык тартипти чыңдоо боюнча Кыргыз Республикасынын бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылуу.

4. Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук   актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү  үчүн жөнөтүү жагы  1-Май айылдык Кеңешинин катчысы К.Алчиматовага жүктөлсүн.

 

5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөсүн.

 

Төрага

Н. А. Абдырайымов