ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-октябры № 1
«Жалал-Абад шаарынын Ардактуу Атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндө
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин «Ардактуу Атуул» наамын ыйгаруу боюнча жобосунуну негизинде жана социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Г.Худайбердиеванын баяндамасын угуп, Жалал-Абад шаардык кеӊешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад шаарынын «Ардактуу Атуулу» наамы төмөндөгү жарандарга ыйгарылсын:
· Ахмедов Шавкатбек Джармухамедович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери;
· Кочеров Авангард Мамытович - Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери;
· Мамасыдыков Абдилбает Асанович - Кыргыз Республикасынын билим берүүнүн мыктысы, Экономика илимдеринин доктору, профессор.
· Малаев Токтомамат - Кыргыз Республикасынын Ардактуу ардагери.
· Печелов Усенбай - «Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коому» коомдук бирикмесинин төрагасы.
· Тагаев Мураталы Абдыкарович - Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги.
· Токтосунов Анарбек Адашович - Кыргыз Республикасынын эмгек сиӊирген мугалими.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министирлигине мемлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеӊештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
3. Токтом аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар, жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына (Г.Худайбердиева) жүктөлсүн.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жаряланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
Н.Орозбаев |