ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы
2021-жылдын 27-октябры № 2
Муниципалдык менчиктеги эскилиги жеткен техникаларды сатууга уруксат берүү жөнүндө
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.10.2021-жылдагы чыг.№01-12/801-катты шаардык кеӊештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, туруктуу комиссиянын корутундусун эске алып, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» мыйзамынын 19-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Жалал-Абад Сууканал» башкармасынын пайдалануусундагы 1985-жылы чыгарылган ГАЗ 5204 үлгүсүндѳгү 247 DA мамлекеттик номерлүү жүк ташуучу техникасын жана 1990-жылы чыгарылган ЗИЛ130КС2561 үлгүсүндѳгү 715DA мамлекеттик номерлүү автокранды аукцион аркылуу сатууга уруксат берилсин.
2. Мыйзамдын талаптарын сактоо менен мүлктөрдү сатуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, комуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жалал-Абад шаардык кеңешинин төрагасы |
Н.Орозбаев |