Редакцияот 27.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги IX сессиясы

 

2021-жылдын 27-октябры № 3

 

 

Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкесинин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө

 

Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 15.09.2021-жылдагы чыг.№01-12/698, 01-12/694 жана 07.10.2021-жылдагы чыг.№ 01-12/808-каттарды жана тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңештин кезектеги IX сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүнүн №51 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4676,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «П1» (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан «Ж-3» (кѳп кабаттуу үйлѳр) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

2. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков көчөсүнүн №49А дарегинде жайгашкан жалпы аянты 3927,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «К1» (коммуналдык мекемелер) укуктук зоналык категориясынан «Ц-2» (жергиликтүү маанидеги калкты тейлөө борборлору жана коммерциялык активдүүлүк) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

3. Жалал-Абад шаарынын Мамыр Баатыр кѳчѳсүнүн №2 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 9845,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «П1» (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан «Ж-3» (кѳп кабаттуу үйлѳр) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.

4. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, Жалал-Абад шаарындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесине КРнын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.

5. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына уруксат берүүчү иш кагаздарын даярдоодо курулуштардын алдына автоунаа коюуучу жана токтоочу жайлардын, жаш балдар ойноочу аянчалардын жана башка коммуникациялык инфраструктураларын эске алуу менен тийиштүү кызматтардын корутундусу менен иш жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (Б.Беркбаева) милдеттендирилсин.

7. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

8. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jacity.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

  

Жалал-Абад шаардык

кеңешинин төрагасы

 

Н.Орозбаев