КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2024-жылы 24-январы №4
“Аксы районунун Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
АРИСтин “CASSA-100 жергиликтүү коомчулуктарды колдоо долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоорунун алкагында Кара-Суу айыл аймагына караштуу Кызыл-Көл айылындагы эко-туризмди өнүктүрүү үчүн кыргыз боз-үйлөрдү сатып алуу көйгөйү утуп чыккан жана ал көйгөйдү 2024-2026-жылдарга карата айыл аймактын экономикалык жана социалдык өнүгүү программасына толуктоо киргизүү боюнча АКИАнын төрагасы Жоошбаев Акыналынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Суу айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №31/1 токтому менен бекитилген Кара-Суу айыл өкмөтүнүн 2024-2025-2026-жылдарга карата стратегиялык өнүгүү планы №1 тиркемеге ылайык толуктоолор киргизилсин.
- Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.
- Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айылдык кеңештин бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Алымкуловго бекитилсин.
Төрага: | У.Жунусалиев. |
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылдын 24-январындагы №31/4 токтомуна тиркеме. |
Төмөнкүлөр менен толукталсын:
№ | Иш чаранын аталышы | Керектелүүчү финансылык каражат (сом) | Каражат булагы | Аткаруу мөөнөтү | Күтүлүүчү жыйынтык | жооптуулар | Аткарылышы |
1 | Кара-Суу айыл өкмөтүнүн Кара-Камыш көлүнө тигилүүчү кыргыз боз үйлөрү | 9 504 000 | АРИС уюму | Жылдар ичинде | Эко-туризмди өнүктүрүү | Кара-Суу айыл өкмөтү | 2024-2025-жылдар |
Жооптуу катчы: | Кубанычбек у Ф. |