КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын
2024-жылы 24-январы №5
“Кара-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планын бекитүү жөнүндө”
Кара-Суу айылдык кеңештин төрагасынын 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы боюнча билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Суу айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет)
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Тургунбек уулу Марленге жүктөлсүн.
3. Кара-Суу айылдык кеңешинин ушул токтому, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Суу айыл өкмөтүнүн kara-suu.gos.kg расмий веб-сайтына жарыялансын;
Төрага: | У.Жунусалиев. |
Кара-Суу айылдык кенешинин IX чакырылышынын кезектеги XXXI сессиясынын №5 токтомуна тиркеме
. |
Кара-Суу айылдык кеңешинин 2024-жылга карата түзүлгөн иш планынын долбоору
№ | Аткарылуучу иш пландар | Мөөнөтү | Жооптуулар
|
1
2
3 | 2023-жылдын бюджетинин аткарылышы боюнча айыл өкмөтунүн отчету Айыл өкмөтүнүн 2024-жыл үчүн иш планын жана 2025-2026-жылдарга карата болжолдуу өнүгүү планын бекитүү.
Айыл кеңешинин иш планын бекитүү, айыл өкмөтүнүн балансында турган техникалардын 2024-жылга карата келишимин түзүү
Жайлоого көчүү, бада пулдун жана айдоо жерлердин айдоо акысынын сотугунун өлчөмүн белгилөө
|
Январь
февраль
март | Бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия
Айыл кеңешинин төрагасы
Айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссия |
4
5
6
| Жашылдандыруу жана тазалыкты сактоо. Сел, жер көчкү кырсырктарынын алдын алуу боюнча иш жүргүзүү
Жайыттарды пайдалануунун мыйзамдуулугун кароо
Участкалык оорукананын ФАПтардын жүргүзүп жаткан ишин атуулдарга ооруканадан берилген рецептер жана даары-дармектерди көзөмөлдөө
|
Апрель
Май
июнь | Айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссия
Мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялар
Мыйзамдуулук жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиялар |
7
8
9 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын аткарган иштерини боюнча жарым жылдык маалыматы
Мектептердин, бала-бакчанын жаңы окуу жылына даярдыгын кароо Кооптуу аймактардагы аткарылган иштер жана көйгөйлөр боюнча маалымат угуу | Июль
Август
сентябрь | Бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссия
Айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелери боюнча туруктуу комиссия |
10
11
12 | Жайыт комитетинин отчету
Туруктуу комиссиялардын 2024-жылга карата аткарган иштеринин маалыматы.
Кара-Суу айыл өкмөтүнө караштуу техникалардын абалы, 2024-жылга түзүлгөн келишимдин аткарылышын кароо. | Октябрь
Ноябрь
декабрь | Бюджет, финансы, инвестиция, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия
Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары
Айыл-чарба, жер, экология, чек-ара маселелри жана бюджет, финансы, инвестиция муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссия |
Айылдык кеңештин жооптуу катчысы: | Кубанычбек у Ф. |