Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 20/3

Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча маалыматы жөнүндө

Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча аткарган иштери тууралуу маалыматы жөнүндө депутаттардын сунуш пикирлерин угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы У. Өмүрбековдун 2022-жыл ичинде аткарган иштери боюнча аткарган жумуштары, маалыматы жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.

 

2. 2023-жылга Чолпон айыл аймагын социалдык экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштерди алып баруу жагы айыл өкмөт башчыга тапшырылсын.

 

3. Аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча айтылган сунуш пикирлер эске алынсын.

 

4. Сырттан инвестиция тартуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлсүн, сырткы донорлор менен иштөө үчүн долбоорлорду өз убагында даярдоо боюнча жоопкерчиликтүү иштер жүргүзүлсүн.

 

5. Бул токтомду аткаруу жагы Чолпон айыл аймагынын айыл өкмөтү У. Өмүрбековго жүктөлсүн.

 

6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин туруктуу комиссияларына тапшырылсын.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил