Редакцияот 10.02.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЧОЛПОН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Депутаттардын VII чакырылышынын Чолпон айылдык кеңешинин кезектеги XX сессиясы

2023-жылдын 10-февралы № 20/4

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын бюджетинин аткарылышын кароо жана бекитүү жөнүндө

Чолпон айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы-башкы эсепчи А. Усубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-39 беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:

 

1. Чолпон айыл өкмөтүнүн 2021-жыл ичинде аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын жана бюджетинин аткарылышы киреше бөлүгү боюнча 18168,2 (он сегиз миллион бир жүз алтымыш сегиз миң эки жүз) сом өлчөмүндө, чыгаша бөлүмү 18223,3 (он сегиз миллион эки жүз жыйырма үч миң үч жүз) сом өлчөмүндө бекитилсин.

 

Төрага

Жумалы уулу Адил